Haber

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү!

Урматтуу студент достор! Азыркы учурда мамлекетибиздин көптөгөн тармактарынын өнүгүшүнө жаштарыбыздын кошкон салымы чоң болууда. Биз заманбап билимге ээ, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгүп, өлкөбүздү дүйнөгө даңазалай алабыз. Өлкөбүздөгү миңдеген жаштар сыяктуу STEM инновациялык колледжинин студенттери да жаратмандыгы, тарбиясы, билимдүүлүгү менен коомдо өз ордун табууда. Биз студенттерибиз менен дайыма сыймыктанып келебиз, силердин бийик максаттарды багындырышыңарга тилектешпиз! 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен жалпы студенттерди куттуктаймын! Билимдүү болгула, илим менен алектенгиле, чет тилдерди үйрөнгүлө, чыгармачылыгыңарды өнүктүрүү менен спорт менен машыгып ден соолугуңарды чыңдагыла. Мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жаштардан болгула. Майрамыңар кут болсун! Урматым менен STEM инновациялык колледжинин директору, ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна.
594 03:37 17-11-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|