Түштүк-кыргыз геологиялык экспедициясынын геологиялык музейи.
14:59
27-11-2023
532
2023-жылдын 27-ноябрында STEM инновациялык колледжинин окутуучулары
Сатыбалдиев Б., Халмурзаев А., Боронов С., Ибрагимова Р., жана “Туризм” адистигинин ТМс-9-1-23 тайпасы, “Колдонмо геодезия” адистигинин ПГс-9-1-23 тайпасынын студенттери Түштүк-кыргыз геологиялык экспедициясынын геологиялык музейине барып, минералдарды көрүп келишти. КРдын түштүк аймагынын геологиясы, кен байлыктарынын таркалуусу, алардын экономикадагы ролу боюнча геолог Худайбердиев Мураталы агай маалымат берди. Студентер үчүн практика жүзүндө кызыктуу сабак болуп, суроолоруна жооп алышты.