News

Кыргыз Республикасынын делегациясынын тажрыйба алмашуу максатында Казахстан Республикасына иш сапары

2023-жылдын 29-30-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын делегациясы тажрыйба алмашуу максатында Казахстан Республикасына иш сапарга барды. Делегациянын курмында колледжибиздин директору Ө.Т.Станбаев да барып, Казакстандын жогорку медициналык колледждери менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, макулдашты. Аталган делегация 29-ноябрда Алматы шаарында Республикалык жогорку медициналык колледжинде өткөрүлгөн "«Медайымдар иши» адистиги боюнча «Медайымдар ишинин прикладдык бакалавры» квалификациясы менен адистерди даярдоо" темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция, ал эми 30-ноябрь күнү  Талдыкурган жогорку медициналык колледжинде өткөрүлгөн «Медициналык айым иши адистиги боюнча прикладдык бакалаврдын мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү» боюнча эл аралык тажрыйба алмашуу илимий практикалык конференцияларга катышып, прикладдык бакалавриат боюнча кеңири маалымат алышты жана тажрыба алмашуу болду.
344 17:07 05-12-2023

                 

News

|< 3 4 5 6 7 >|