2023жылдын 28- ноябрында ОшМУнун "Ветеринардык медицина жана биотехнология", "Агрономия жана колдонмо геодезия" кафедраларына Алай жана Чоң-Алай райондорунан 20 мектептен 20 окуучу келип, окуу техникалык базасы менен таанышып кетишти. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар ОшМУнун агрономия жана ветеринария багытында окуган студенттердин мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу маалымат алышты.