ИСП кафедрасынын окутуучусу Абдумиталип уулу Кубатбек кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп алды
16:05
2023-жылдын 28-февраль күнү ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын окутуучусу
Абдумиталип уулу Кубатбек
ф.-м.и.к.,доцент Асылбеков Таалайбек Дүкөнбаевичдин жетекчилиги астында 01.01.02 –дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу багыты боюнча Д 05.22.651 диссертациялык кеңешинде
“Төртүнчү тартиптеги аралаш парабола-гиперболикалык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп алуусу менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Абдумиталип уулу Кубатбекке бекем ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт жана мындан кийинки илимий, окуу-усулдук иштеринде чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
ИСП кафедрасы,
МИТ факультети,
Ректорат
306 16:05 10-12-2023