Адаптациялык жума
16:52
6-сентябрь ОшМУнун МИТ факультетинин ИСП кафедрасынын ПОВТАС жана ИСТ адистиктеринин 2023-2024-окуу жылынын биринчи курстарынын студенттеринин каалоосун эске алуу менен түзүлгөн адаптациялык жумалыгынын графигинин негизинде ИСП кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы ИСТ(б)-1-23, ИСТ(б)-2-23р, ПОВ(б)-2-23р жана ПОВ(б)-1-23 тайпаларынын арасында волейбол боюнча жогорку деңгээлдеги мелдеш өткөрдү.
Оюндун жүрүшүндө студенттер бири-бири менен жана окутуучулар менен жакындан таанышып, студенттик күндөрдүн алгачкы кадамдарын таштады.
Мелдештин жыйынтыгында балдар арасында болуп өткөн волейболдон:
🏆1-орунду ИСТ(б)-1-23 тайпасы
🏆2-орунду ИСТ(б)-2-23р тайпасы
🏆3-орунду ПОВ(б)-1-23 тайпасы
Ал эми кыздар арасында өткөрүлгөн волейболдон ПОВТАС жана ИСТ курама командаларынын арасынан ПОВТАС командасы утушка ээ болду.
Жаңы келген студенттерибизге мындан кийинки окууларына ийгиликтерди каалайбыз!🎉🎉🎉
310 16:52 10-12-2023