Haber

“2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” жарлыгына карата уюштурулган “Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер” аттуу илимий жумалыгы

Зоология жана экология кафедрасында 19-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” жарлыгына карата уюштурулган “ Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер ” аттуу илимий жумалыгы болуп өттү. Иш-чара төмөндөгүдөй программада өткөрүлдү: Кафедра башчысы, б.и.к., доцент А.М.Абдыкааровдун куттуктоо сөзү. Илимий докладдар: № Баяндамачынын аты-жөнү Ээлеген кызматы Илимий баяндаманын темасы 1 Абдыкааров Абдиманнап Момунович Зоология жана экология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент Зоология жана экология кафедрасынын окумуштууларынын илимий иштери боюнча маалымат 2 Атабеков Усан Аданович Б.и.к., доцент “Саркент” мамлекеттик жаратылыш паркында кездешкен чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн фаунасы 3 Маткеримова Фатима Окутуучу Дары коңуздун личинкасынын өөрчүүсүнө жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгы 4 БИО(б)-1-20 студенттер Ош шаарында өткөрүлгөн экологиялык акцияларды демонстрациялоо 5 Батаева А.Б. Окутуучу Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата экологиялык конкурс 6 Жунусалиева Э. Окутуучу 7 Эгембердиева А.С. Окутуучу Келгин канаттууларды коргоо акциясы (Табият-Ош дендрологиялык паркы) Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенттеринен сырткары Теология жана Физика-техникалык факультеттеринин студенттери да иш-чарага катышты. Атайын «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата” экологиялык конкурс уюштурулуп, Физика-техникалык факультетинин студенттери 1-орунду багындырышты. Ал эми “Келгин канаттууларды коргоо” акциясында студенттер тарабынан атайын канаттуулар үчүн уя жасалып, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин БИО(б)-1-20 тайпасынын студенти Раимжанов Азизилло биринчи оорунду багындырды. Докладдар кызыктуу суроолор менен коштолуп, иш-чара атайын белектерди тапшыруу менен аяктады.
178 03:23 13-12-2023

                 

Haber

|< 1 >|