Ташкент архитектура жана курулуш университетинде эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү
09:06
17-12-2023
255
2023-жылдын, 11-12-декабрында Ташкент архитектура жана курулуш
университетинде «Проблемы и решения подготовки высококвалифицированных
специалистов в области прикладной геодезии» деген темада эл аралык
илимий-практикалык конференция болуп өтүп, конференцияда Ош Мамлекеттик
Университетинин, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар
факультетинин «Агрономия жана колдонмо геодезия» кафедрасынын окутуучулары:
т.и.к., доцент Абжапарова Д.А., улук окутуучу Сатыбаев А.Т., улук окутуучу
Камчиев У.М., окутуучу Ташбалтаева Ш.А. жана чет тили боюнча окутуучу З.А.
Сабирбаевалар катышып, т.и.к., доцент Д.А. Абжапарова «Современная практика
применения проекции и координат Гауса-Крюгера в инженерно-геодезических и
маркшейдерских работах», Мансуров У.К. «Возможности геовизуализации при
создании карт застройки города Ош по космическим снимкам и средствами»,
Сабирбаева З. «Цели и задачи обучения иностранному языку на неязыковых
факультетах» - деген темаларда илимий баяндама жасашты жана улук окутуучу
А.Т. Сатыбаев, окутуучу Ш.А. Ташбалтаевалар конференцияда суроо-жоопторго
активдүү катышып, сертификаттарга ээ болушту. О.э. Мирзо Улугбек атындагы
Өзбек улуттук университетине да иш сапары улантылып, илимий ишмердүүлүктүн
биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду, илимий багытта тажрыйба
алмашып келишти.