ЖАЛПЫ, КЛИНИКАЛЫК БИОХИМИЯ ЖАНА ПАТОФИЗИОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ”, «ПАТОФИЗИОЛОГИЯ» БОЮНЧА ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ КВН -ОЛИМПИАДАНЫН IX- СЕЗОНУ
03:49
6.12.2023 жылы МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ, “ЖАЛПЫ, КЛИНИКАЛЫК БИОХИМИЯ ЖАНА ПАТОФИЗИОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ”, «ПАТОФИЗИОЛОГИЯ» БОЮНЧА ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ КВН -ОЛИМПИАДАНЫН IX- СЕЗОНУ ӨТКӨРҮЛДҮ!!!
КВН- Олимпиаданын максаты:
Патофизиология, айрыкча типтүү патологиялык процесс боюнча студенттердин билимдерин өркүндөтүү жана тереңдетүү. Медицина факультетиндеги 4 багыттар (дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация ) арасында атаандашуу жана достук байланыштарды түзүү.
«ПАТОФИЗИОЛОГИЯ » БОЮНЧА КВН -ОЛИМПИАДАНЫН IX СЕЗОНУН ӨТКӨРҮҮНҮН ЖОБОСУ /ЭТАПТАРЫ:
«Патофизиология» дисциплинасы боюнча «КВН-Олимпиада IX сезон» медицина факультетинде дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация багытында окуган 2-3-курстардан 4 багыт боюнча 1 тайпада 10 студентке чейин тандалды.
1. Биринчи этап. Саламдашуу 5 мин-видеоролик 2 мин.
2. Экинчи этап. Типтүү патологиялык процесстер боюнча сценка-7 мин
3. Үчүнчү этап. Kahoot -10 суроо болду.
Программанын төрайымы:
Жумабаева Т.Т. – б.и.д., КР УИА мүчө корр., жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын профессору, жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Калматов Р.К. – м.и.д., профессору, Эл Аралык Медицина Факультетинин деканы.
Ыдырысов И.Т. -м.и.д., профессору, Медицина Факультетинин деканы.
Мамажакыпов Ч.М - м.и.к.,доценти, "Экстремальдык медицина" кафедрасынын башчысы.
Иметова Ж.Б - PhD-доктору, ОшГУ клиникасынын директору .
Жообасарова Д.Ж- м.и.к., Медицина Факультетинин зам деканы.
Катышкан командалар:
1 “Адреналин”🎢 командасы (3-курс дарылоо иши, даярдаган окутуучусу Кадырали к Б.К.)
2 “Зубные феи”🦷🧚(2- курс стоматология адистиги, даярдаган окутуучусу Абдыкарова А.С.
3 “НОВИТУМ”🌟( 3-курс дарылоо иши, окутуучусу Мааматова Б.М)
4 “Защитники ФАРМА” 💊(2-курс фармация адистиги, окутуучусу Ырысбаев Э.Ы.
5 “Энергостайл” ⚡️🪫(3-курс дарылоо иши, Топчубаева Э.Т)
6 “Киллеры”🔫(3- курс дарылоо иши, Мааматова Б.М)
7 “Мегапед”👼 (3-курс педиатрия адистиги, Абдувалиева М.А)
8 “Сборная стом 5” 🦷(3-курс стоматология адистиги, Алдозова К) командалары активдүү катышты.
Сынактын жыйынтыгында калыстар мүчөсүнүн баалосу менен педиатрия адистигинин 3-курсунун “Мегапед” командасы 66 балы менен сынактын “Гран-при” 🏆 сыйлыгына ээ болушту!!!🏅💐💐💐
КВН- Олимпиаданын уюштуруучуларына,комиссиянын мүчөлөрүнө, катышкан командаларга, студенттерге жана көрүүчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз!!! Программа мыкты деңгээлде өттү!!!💐💐
ютуб канал
555 03:49 18-12-2023