Haber

ОшМУнун ДКжУМБББ нун Стоматология адистиктер бөлүмуүндө ординаторлордун практикалык жөндөмдүүлүктөрүн сыноо максатында олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиадага калыстар тобунун курамында ОшМУнун стоматология факултетинин доценти м.и.к Исмаилов А.А, КГМиПКнын клиникалык насаатчысы ,САКРдын мучосу ,ОМСЦнын директ.орун басары Арзыбаева Н.С , «Стоматологияны өнүктүрүү»Корея борборунун мүчөсү,эндодонт, «Д.Назгул» ЖСК директору ,САКРдын мүчөсү Чонмурунова Н.Ч болушту. Ординаторлор Олимпиаданын башында өздөрүн тааныштыруу максатында презентациялар менен чыгуу кылышты. Анан Азуу тиштерди эндодонтиялык дарылоо жүргүзүштү. Калыстар ар бир конкурсанттын ар бир дарылоо этабын карап, акырында визиограф менен каналдардын толтуруусун баалашты. Жыйынтыгында 1- Абидов Исламбек 2- Сейилбекова Акмарал 3- Чотобаев Темирлан 3-Абдикалыкова Арууке орундарга ээ болушту
499 15:42 26-12-2023

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|