Колледжде коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда
10:56
Студенттер арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана колледждеги коопсуздукту камсыздоо багытында иштер жүргүзүлүүдө. Колледжге коопсуздукту сактоо максатында тышкы жана ички көзөмөл камералары иштеп баштады.
2024-жылдын 6- февралында ОшМУнун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн жана ИИМдин өкүлдөрөнүн катышуусунда студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кылмыштын түрлөрү жана КР Кылмыш-Жаза кодексиндеги айрым беренелер боюнча маалыматтар берилди.
407 10:56 06-02-2024