News

Тажрыйба алмашуу

2024-жылдын 9-февралында STEM инновациялык колледжинин Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы мобилдүүлүктүн алкагында бир катар келишимдерди түзүп келишти. Атап айтсак Информациялык-дисциплиналар циклы менен Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи жана Заманбап Эл аралык университетинин АСОИУ адистиктеринин ортосунда мугалимдердин, студенттердин мобилдүүлүгү жана студенттердин практикасы боюнча программага кол коюлду. Мындан ары жогорудагы келишим түзүлгөн окуу жайлар менен тыгыз байланыш жүргүзүлүп, тажрыйба алмашуу жолго коюлат. Буга чейин Информациялык-коммуникациялык циклы Ош технологиялык университетинин колледжи менен келишим түзүлүп, алмашуу программасы ишке ашырылып келген.

454 06:40 10-02-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|