2024-жылдын 9-февралында Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо
“Жашыл технологияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын инновациялык идеялары жана
практикалары” деген аталыштагы иш-чарага ОшМУнун STEM инновациялык
колледжинин окутуучусу Ибрагимова Рахима Салайдиновна катышты.
Иш чара 11-февраль илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө карата
Кыргызпатент жана анын өнөктөштөрү – Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага
Хан фонду, Германия эл аралык кызматташуу коому менен биргеликте
уюштурулган.
Иш-чарага илимге инновациялык салым кошкон илимпоз жана ишкер айымдар,
Акселерациялык уюмдар, экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоого салымын кошчу
идеялардын авторлору жана Кыргызпатент уюштурган “40 райондон 40 демилге”
долбоорунун жеңүүчүлөрү жана мамлекеттик жана жеке уюмдардан өкүлдөр келип
катышты.
Иш-чаранын алкагында келген меймандарга “Илимдеги айымдар – өзгөрүүлөрдүн
кыймылдаткыч күчү” деген аталыштагы китептер таркатылды. Иш-чара
мастер-класстар менен коштолду.
![](https://base.oshsu.kg/images/glaza.png)
![](https://base.oshsu.kg/images/ocloc.jpg)
![Facebook\'та жар салуу](../../images/pd/11.png)
![Google белгилеринде сактоо](../../images/pd/12.png)
![LiveJournal\'да жарыялоо](../../images/pd/13.png)
![Мой Мирде жар салуу](../../images/pd/14.png)
![Одноклассникигe кошуу](../../images/pd/15.png)
![Twitter\'ге кошуу](../../images/pd/16.png)
![В Контактеде жар салуу](../../images/pd/17.png)
![Yahoo!\'га кошуу](../../images/pd/18.png)
![WhatsApp!\'да жарыялоо](../../images/pd/19.png)