Новости

“Жашыл технологияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын инновациялык идеялары жана практикалары”

2024-жылдын 9-февралында Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо “Жашыл технологияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын инновациялык идеялары жана практикалары” деген аталыштагы иш-чарага ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Ибрагимова Рахима Салайдиновна катышты.
Иш чара 11-февраль илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатент жана анын өнөктөштөрү – Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага Хан фонду, Германия эл аралык кызматташуу коому менен биргеликте уюштурулган.
Иш-чарага илимге инновациялык салым кошкон илимпоз жана ишкер айымдар, Акселерациялык уюмдар, экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоого салымын кошчу идеялардын авторлору жана Кыргызпатент уюштурган “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү жана мамлекеттик жана жеке уюмдардан өкүлдөр келип катышты.
Иш-чаранын алкагында келген меймандарга “Илимдеги айымдар – өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү” деген аталыштагы китептер таркатылды. Иш-чара мастер-класстар менен коштолду.
570 07:09 10-02-2024

                 

Новости

|< 5 6 7 8 9 >|