2024-жылдын 14-февралында 1-курстун МТ(б)-1-23 жана УБ(б)-1-23 тайпасынын студенттерине «Барбол» ЖЧКда көчмө лекция уюштурулду. Көчмө лекция «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын окутуучулары Исламова У.Б., Эсенали кызы Г. тарабынан төмөнкү предметтер боюнча уюштурулду:
- Башкаруудагы кесиптик этика (темасы: Вербалдык жана вербалдык эмес байланыш каражаттары)
- Менеджмент (темасы: Башкаруунун негизги ыкмалары)
Көчмө лекция "Барбол" компаниясынын өнүгүү бөлүмүнүн башчысы БжМ факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Асанов Урмат тарабынан өтүлдү.