STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна
18-24-декабрь күндөрү Кытай мамлекетинин Сиань шаарынын
Конфуций институтуна иш сапары менен барып келди. Иш сапарынын негизинде
Конфуций институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып STEM инновациялык
колледжинин окутуучуларын жана студенттерин академиялык мобилдүүлүккө
жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.