2024-жылдын 16-февраль күнү ИСП кафедрасынын доценти Н.К. Аркабаев, окутуучулар З.Ж.Мурзакматова, Маткалык кызы К., Пакал уулу Д. кафедранын лаборанты Б.Каныевалар Ноокат районунун Көк-Жар, Борбаш, Т. Бекиев, Ж. Бөкөнбаев, Т. Айбашев, К. Надиров атындагы орто мектептеринде жана М. Кудайбердиев атындагы жатак-мектеп лицейинде кесипке багыт берүү иш-чарасынын алкагында мектеп окуучулары жана мектеп жамааты менен жолугушту. Жолугушууда Ош мамлекеттик университети боюнча жана ошондой эле математика жана информациялык технологиялар факультети тарабынан даярдалып жаткан багыттар боюнча жалпы маалымат берилди.