News

"Кыргызстандагы диний экстремизм жана терроризм"

15.03.24. Эл аралык билим берүү программалар колледжинин котормо иши: англис тили бөлүмү "Кыргызстандагы диний экстремизм жана терроризм" темасында масштабдуу түрдө куратордук саат өтүштү. Мында Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Жумабай уулу Ибрахим "Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат" деген темасында баяндама окуду. Мындан сырткары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Ош шаарындагы мусулмандар казыятынын өкүлү Абдиев Мустафа "Ислам дининин экстремизм жана терроризмге болгон көз карашы" деген темасында баяндама окуду. Баяндамачылар жана студенттер ортосунда суроо- жооп болуп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле диндин терроризмге эч кандай байланышы жок деген маалымат ала алышты. Келген конокторго бөлүм башчы Ахунжанова Жылдыз Икрамжановна колледж тарабынын терээң ыраазычылык билдирди.
404 08:22 25-03-2024

                 

News

|< 1 >|