2024-жылдын 15-марттында 4-курстун МТ(б)-1-20 тайпасынын студенттери менен биргеликте «Automall» компаниясына көчмө лекция уюштурулду. Лекцияны «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын окутуучусу Эсенали кызы Г. эл аралык менеджмент предметинен «Эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн шарттары» – деген темада уюштурду.
Лекция «Automall» «LKW центр» компаниясынын Кыргыз Республикасынын түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу коммерциялык директору Максутов Жоодарбек Бекмурзаевич тарабынан өтүлдү.