Жанылыктар

Менеджмент предмети боюнча Республикалык олимпиада, ОшМУ БиМ командасын куттуктайбыз.

2024жылдын 29-мартында Бишкек шаарында К. Карасаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан «Менеджмент» предмети боюнча ЖОЖдор аралык студенттик Республикалык олимпиадасы өткөрүлдү. Анда Кыргызстандагы 12 ЖОЖдун ичинен ОшМУнун БиМ командасы байгелүү орунду камсыз кылды, анда эмесе сүрөттөр сүйлөсүн. «Менеджмент», «Бизнести башкаруу» багытынын 1-3-4-курсунун студенттери Мухамеджанова Нигина, Абдазова Айжан, Мамыт кызы Айсулуу, Токторова Назима жана аларды жетектеп барган «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти К.Ш. Сакибаевди жараткан ийгилиги менен куттуктайбыз жана мындан ары 1-орунду камсыз кылуусун каалайбыз.
206 19:40 29-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|