Жанылыктар

Колледждер аралык мамилени жакшыртуу.

Эл аралык билим берүү программалар колледжинин Котормо иши: англис тили бөлүмүнүн бөлүм башчысы, Ахунжанова Жылдыз Икрамжановна жана башка окутуучулар : Алымкул кызы Зуура, Саткеева Зейнеп жана Ормонбекова Канымжан мобилдүүлүк боюнча Бишкек шаарында болуп кайтышты. Бир жумага созулган иш сапарда биздин окутуучулар бир канча колледждерде: "Бишкек инновационалдык колледжи, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кесиптик колледжи, Номад колледжи жана Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык- педагогикалык колледжинде" болуп кайтышты. Ар бир мекемеде окуутучулар Ош Мамлекеттик Университетти жөнүндө жана биздин Эл аралык билим берүү программалар колледжи жөнүндө маалыматтарды берип, аларга семинарларды, сабактарды өтүп, ОшМУнун атынан алып барылган чакан белектер менен бөлүштү. Бул иш сапардын жыйынтыгы мобилдүүлүк боюнча колледждер аралык байланышты дагы да күчөтүүнү, ошондой эле мындан кийин студенттерди 1 айга эмес 1 семестрге билим алмашууга жиберүүнү пландашып келишти.
184 04:00 04-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 >|