Новости

АГИнин дин таануу кафедрасынын башчысы Түркия Республикасында эларалык симпозиумга катышып келди

Үстүбүздөгү жылдын 8-11-октябрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу кафедрасынын башчысы Айдарбеков Кубаныч Туркия Республикасынын Кония шаарында Кония Селчуклу мэриясы, Нежмеддин Эрбакан Университети жана «Руми маданияттарды изилдөө борбору» тарабынан уюштурулган эл аралык «Ислам маданиятында заман» аттуу симпозиумга катышып келди. Симпозиумга 21 өлкөдөн 70тен ашык илим адамдары катышты. Айдарбеков Кубаныч «Заманист акындарда заман түшүнүгү жана хадистер менен айкалышы» аттуу баяндамасын сунду. Сунумда кыргыз заманист акындарынын ыр саптарындагы замандын баалуулугу, келечек заман, ал доордогу проблемалар колго алынды. Симпозиум интернет булактарында онлайн түрүндө жарыяланды. Айдарбеков Кубаныч агайга илимий иштеринде ийгиликтерди каалайбыз.
3635 15:55 22-10-2015

                 

Новости

|< 7 8 9 10 11 >|