Ташкент информациялык технологиялар университетинин Фергана филиалынын директору Мухтаров Фаррух Мухаммадович баштаган делегация МФТИТ институтуна иш сапары менен келишти
15:51
10-05-2024
132
Ош мамлекеттик университетинде Информациялык системалар жана программалоо кафедрасы тарабынан уюштурулган Ташкент информациялык технологиялар университетинин Фергана филиалынын директору Мухтаров Фаррух Мухаммадович баштаган делегация МФТИТ институтуна иш сапары менен келишти. Коноктор менен ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков жолугуп, эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, илимий жана эл аралык долбоорлор менен биргеликте иш алып баруу маселелери каралды.