Жанылыктар

Общественное здравоохранение

ОшМУнун илим изилдөөчүлөрү илимий изилдөөгө этикалык экспертиза жүргүзүү боюнча курста билим өркүндөтүп жатышат Заманбап коомдун талабы болгон илимий-изилдөө иштеринин максатын, жүрүшүн, натыйжасын обьективдүү баалоо, коомдук көзөмөл катары социумдун Туруктуу өнүгүү багыттарын камсыздоо максатында ОшМУнун илим бөлүмүнүн алдында түзүлгөн Этикалык комитетинин демилгеси менен илимий изилдөөлөргө этикалык экспертиза жүргүзүү боюнча билим өркүндөтүү курсу уюштурулуп, 2024-жылдын 11-майынан окуу башталды. Окуу курсун өткөрүү үчүн биоэтика илимдери боюнча магистр (MSc), м.и.к., КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Биоэтика комитетинин төрайымы, КММА Биоэтикалык комитетинин төрайымынын орун басары, И.К.Ахунбаев атындагы КММА Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасынын доцентинин м.а. Кудайбергенова Т.А. менен келишим түзүлдү. «Биоэтика жана изилдөөлөргө этикалык экспертиза жүргүзүү» программасы боюнча он-лайн режиминде 36 академиялык саат көлөмүндө 2024-жылдын 11-майынан 22-майга чейин келишимде көрсөтүлгөн тартипте окуу жүрөт. ОшМУнун Локалдык Этикалык комитетинин мүчөлөрү жана илим изилдөөчүлөрү өзгөчө маанилүү курста мыкты лекциялары, окуу материалдары үчүн, курсту уюштурууда, өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн окуу жайдын жетекчилигине, илим бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти. Окуу курсун аяктагандан кийин тастыктоочу сертификаттар берилет.
206 03:25 15-05-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|