Новости

"БАНГИЗАТКА" КАРШЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ...

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 2024-жылдын 15-майында КР ИИМнин Бангизатын Мыйзамсыз Жүгүртүүгө Каршы Күрөшүү Кызматынын алдын алуу боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалыевна жана Милициянын подполковниги Рахманов Кенешбек Ташбалтаевич жана Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнүн ЖЖЭИнин АТсы, милициянын капитаны Алымкулова М.К. студенттерге “ Жаштар арасында бангизатка каршы күрөшүү жана алдын алуу” темасында жыйын өткүрүлдү. Алгач өзүнүн атайын даярдалган “Бангизатка каршы күрөшүү жана алдын алуу” атту баяндоосу жана видео ролик менен колледждин студенттерин тааныштырып кетти. Ал эми, ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алдын алуу боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Г. Жапакова “Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы банги затын колдонуу ,анын кесепеттери жөнүндө баяндама берип кетти. Өз сөзүндө ал жаш муундарды сергек жана активдүү жашоого чакырып кетти. Жыйынга Эл аралык билим берүү программалары колледжиндинин жалпы 1 курстун студенттери тартылып 15 группа (Пдс 9 11 23, Пдс 9-7-23, АЯс9-5-23, АЯс9-8-23, АЯс 1-23, АЯс-2-23, АЯс-3-23, АЯс-4-23, Пда-9-1-23, АЯс 9-7-23, Аяс9.9.23, ПДс 1-23, ПДс-2-23,ПДс-3-23, ПДс-4-23, ПДС-9-11-23) 375 студент катышты. Өтө жогорку деңгээлдеги суроо жооп залда орун алды. Көпчүлүктү кызыктырган бул жаны мээге доо кетирүүчү заттарды жаштар арасында алдын алуу кандай жана канчалык денгээлде өтүп жаткандыгы жана анын кесепеттери жөнүндө болду. Бир топ жаштарды ИИМдин БМЖККК алып барган иштери жөнүндө кызыктырды. Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору: К.А. Рамашов
147 03:19 16-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|