Новости

“Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттар” аттуу илимий-практикалык конференциясына Программалоо инженериясынын студенттери катышты

Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган “Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттар” аттуу илимий-практикалык конференциясына Программалоо инженериясынын студенттери катышты 15-май, 2024-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин, Ош шаарындагы Гуманитардык-Табигый Илимдер Факультетинин Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган “Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттар” аттуу жогорку окуу жайлар аралык, студенттер арасында өтүлүүчү илимий-практикалык конференциясына ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин, Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн, Программалоо инженериясынын студенттери катышып, 1-орунду ПИКТ(б)-1-20 тайпасынын студенти Абдувалиева Нурбүбү Мирланбековна жана 3- орунду ПИКТ(б)-1-20тайпасынын студенти Акматбек кызы Венера элешти Ал эми аталган иш чарага активдүү катышкандыгы үчүн ПИКТ(б)-1-21 тайпасынын студенттери Абдикаимов Эржигит Абдирашитович жана Ураимов Мухаммедумар Зикирбаевич сыйланышты. Студенттер менен бирге конференцияга бөлүмдүн окутуучулары ф-м.и.к., доцент Орозов Максатбек Омурбекович, Асилбеков Тынчтыкбек Майрамбекович, Сыдыкова Наргул Айдарбековна жана Кубанычбек уулу Орозали катышып келишти.

125 06:59 16-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|