News

Биздин олимпиадачылар

2024-жылдын 16-17-май күндөрү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар боюнча, медициналык ЖОЖдордун студенттер үчүн II- эл аралык олимпиада болуп өттү. Бул олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинен 11 дисциплина боюнча "Sanitas OshSU" деп аталган студенттердин командасы катышып 15 команданын ичинен 2-орунга ээ болушту, о.э. дисциплиналар боюнча 2-,3- орун жана наминацияларды алышты, ар бири сертификаттарга да ээ болушту. Бул команданы жетектеп х.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т., б.и.к., доцент Касиева Г.К., улук окутуучу Турсунбаева А.Т. лар барышты. Биздин атыбыздан ушул олимпиадага катушууга мүмүкүнчүлүк түзүп берген ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичге, медицина факультетинин деканы, профессор Ыдырысов Исматилла Токтосуновичге, Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовнага, гистология жана патанатомия кафедрасынын кафедра башчысы профессор Сүйнаалы Токтоназарович Шатмановго чоң ыраазычылык билдиребиз. Студенттерибизди жеңиши менен куттуктайбыз жана дагы чоң ийгиликтерди каалайбыз. Ал эми олимпиаданын уюштуруучуларына, КММАнын жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз!
99 10:00 20-05-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|