Новости

Эл аралык илимий-практикалык конференцияга эжекелерибиз катышышты

15-май күнү, И. Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында университетте педагогика илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Байсаловдун 75 жылдыгына арналган “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап векторлору: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын форматы гибриддик болгондугуна байланыштуу ага Россия, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары катышууда.

Конференцияга МФТИТ институтунун окутуучулары: профессор Келдибекова А.О., доценттер Борбоева Г., Кедейбаева Д., улук окутуучулар Сооронбаева К., Кедейбаева М., катышышты.

Конференциянын катышуучулары профессор Жоомарт Байсаловдун илимий эмгектери, сыйлыктары, жеке баалуу буюмдары, фотосүрөттөр камтылган экспозициядан турган музей-кабинетин салтанаттуу ачылыш аземинин күбөлөрү болду.


178 03:21 21-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|