Новости

ОшМУнун 85 жылдыгына карата 23.04.24. күнү “Кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” аттуу илим күнүн белгилешти.

Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы ОшМУнун 85 жылдыгына карата 23.04.24. күнү “Кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” аттуу илим күнүн белгилешти.

Илим күнүнө карата конференциянын максаты: кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүктөрүн математика, табият-таануу жана эстетикалык тарбиялоо багытындагы дисциплиналардын изилдөө ишмердүүлүктөрүндөгү иш-чаралар аркылуу өнүктүрүү.

Модератор: БББТМ кафедрасынын илимий иштер боюнча жооптуу:

ага окутуучу Ажиматова Элмира Жумабаевна

Төмөндөгү кафедра мүчөлөрү илимий баяндама жасашты:

БББТМ кафедрасынын ага окутуучусу К.Дж.Джанибаевтарабынан “Искусство – дүйнөнү таанып-билүүгө жол ачат” чыгармачылык көргөзмө уюштурулду.

Төмөндөгү кафедра мүчөлөрү илимий баяндама жасашты:

1. “Padlet сервисин окутуу процессинде колдонуу”

Баяндамачы: п.и.к., доцент Тагаева Д.А.

2. “Башталгыч класста математиканы “Мен жана дүйнө” предмети менен интеграциялап окутуу”

Баяндамачы: окутуучу Акбарали уулу Дастан

3. Функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу – учур талабы.

Баяндамачы: ага окутуучу Ажиматова Э.Ж.

Жыйынтыктыгында кафедра башчысы б.и.к., доцент Шайимкулова Минабар Абдувайитовна сөз сүйлөп, илим күнүн жыйынтыктоо менен мыкты баяндама жасаган катышуучулар белгиленип, сыйлыктар тапшырылды. Мыкты баяндама жасагандыгы үчүн кафедранын доценти Д.Тагаева, улук окутуучу Э.Ажиматова жана окутуучу Акбарали уулу Дастан факультеттин Ардак грамотасы менен, ошондой эле мыкты баяндамачы магистранттар жана студенттер Грамоталар менен сыйланышты.

163 13:28 23-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|