Haber

“Окуу керемет!” долбоорунун алкагында БББТМ кафедрасында ачык сабактар жана мастер-класс өтүлдү

“Окуу керемет!” долбоорунун алкагында башталгыч билим берүү адистиктеринде окуп жаткан студенттерге башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы боюнча сабактарга байкоо жүргүзүү жана ментордук жардам көрсөтүү боюнча мастер-тренер, ОшМУнун доценти Г.М. Борбоеванын катышуусунда 2023-жылдын 11-октябрь күнү ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Э.Ажиматова “Геометриялык фигуралардын аянтын табуу жолдору” деген темада жана 23-ноябрь күнү доцент Р.П.Анаркулов “Көп орундуу сандардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдар (көбөйтүү жана бөлүү)” деген темада ачык сабак өтүштү. Сабактарга кафедра мүчөлөрү дээрлик толук катышышты. Сабактардан кийин мастер-тренер Г.М.Борбоева эжеке мастер-класс өтүп берди.

Долбоордун улуттук-тренери Ажиматова Элмиранын сабактарына жана ментор тарабынан көрсөтүлгөн мастер-класстарга катышып, кафедранын сабактарга катышкан окутуучулары долбоордун программасын жактырышты жана колго алуу жагын айтышты.

Түшүндүрмөсү менен сүрөттөр

126 13:39 23-05-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|