Haber

“Окуу керемет!” долбоорунун алкагында БББТМ кафедрасында ачык сабактар жана мастер-класс өтүлдү

“Окуу керемет!” долбоорунун алкагында башталгыч билим берүү адистиктеринде окуп жаткан студенттерге башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы боюнча сабактарга байкоо жүргүзүү жана ментордук жардам көрсөтүү боюнча мастер-тренер, ОшМУнун доценти Г.М.Борбоеванын катышуусунда 2024-жылдын 18-апрель күнү ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Э.Ажиматова “Текстүү маселелерди чыгарууда функционалдык көз карандылык таблицасын түзүү” темасында жана ага окутуучу Х.Ибайдуллаев “Көп орундуу сандарды кошуу жана кемитүү деген темада ачык сабак өтүштү. Сабактарга кафедра башчысы доцент М.Шайимкулова жана математик мугалимдер катышышты. Сабактардан кийин мастер-тренер Г.М.Борбоева эжеке мастер-класс өтүп берди.

. Студенттер үчүн долбоордун стратегиялары КГА ыкмасы, “Түшүндүрүү жана негиздөө”, “Моделдердин көп түрдүүлүгү”, “Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс”, Уэбдин билим тереңдиги, көз карандылык таблицасы түшүнүктөрү кызыктуу жаңылык болду.

Мастер-тренер Борбоева Гулниса Маматкановнанын мастер-классын көрүшүп, кафедранын көпчүлүгү бул маселени колгоо алуу керектигин айтышты.

124 13:51 23-05-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|