Новости

БББТМ кафедрасынын улук окутуучусу Э. Ажиматова «Окуу керемет!» долбоорунун стратегияларын Фигуралардын аянтын эсептөөдө колдонуу боюнча мастер класс өттү

БББТМ кафедрасынын улук окутуучусу Э. Ажиматова «Окуу керемет» долбооруна катышып, алган тажрыйбасын пайдаланып 23.04.2024 күнү Фигуралардын аянтын эсептөөдө “Түшүндүрүү жана негиздөө”, “Моделдердин көптүгү”, “Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс” стратегияларынын колдонулушу боюнча мастер класс өттү.

Студенттер жалпак фигуралардын аянтын өз алдынча палетка, чакмактуу барак, геоборд жана билген формулалары менен таап жатышты. Сабакта студенттер көп иштей тургандыктары байкалып турду. Алар сабакта чыгармачыл ишмердик менен алек болушту. Жыйынтыгында, студенттер геометриялык фигуралардын аянтын түрдүү каражаттар менен таба алууга, окуучуларга аянтты табууну үйрөтүү методикасына ээ болушту. Студенттер КГА ыкмасы, “Түшүндүрүү жана негиздөө”, “Моделдердин көп түрдүүлүгү”, “Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс”, Уэбдин билим тереңдиги жаңылык болгондугун билдиришти.

Э.Ажиматова Башталгыч класстарда математиканы окутуунун теориясы жана методикасы” окуу дисциплинасынын мазмунуна “Окуу керемет!” долбоорунун программасын камтылды. Э.Ажиматованын мастер-классын көрүшүп, кафедранын көпчүлүгү бул стратегияларды колдонуу сабактын натыйжалуулдугун жогорулатаарын билдиришти.

137 14:47 23-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|