Haber

Алгачкы алдын ала коргоо уюштурулду

Эл аралык медицина факультетинде "560100 – коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина" программасынын докторанты Акбалаева Бегимай Акбалаевнанын "Залалдуу шишиктери менен химиотерапияда, максаттуу терапияда, иммунотерапияда турган бейтаптардагы курч жана өнөкөт кардиотоксикалуулукту диагностикалоо, дарылоо, прогноздоо жана алдын алуу маселелери" деген темада жазылган PhD диссертациясынын алдын ала талкуусу болуп өттү. Ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий жетекчилери катары медицина илимдеринин доктору, Салымбеков университетинин профессору, КРдин медициналык кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, Америка кардиология колледжинин учурдагы мүчөсү Батыралиев Талантбек Абдуллаевич жана медицина илимдеринин доктору, Воронеж областындагы Бобров райондук ооруканасынын саламаттыкты сактоо департаментинин профессору Першуков Игорь Викторович чыгып сүйлөп, ишке өздөрүнүн оң бааларын беришти. Сырттан адистер илимпоздордон келип түшкөн позитивдүү пикирлер дагы окулду. ОшМУнун медицина факультетинин терапиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, медицина илимдердин кандидаты, доцент Садыкова Алтынай Акпаралиевна окумуштуу катчынын милдетин аткарды. Жыйынтыгында эксперттик комиссиянын мүчөлөрү "Диссертация коргоого сунушталсын" деген чечим кабыл алышты. Иш-чара онлайн жана офлайн форматында өттү. Ага эксперттик комиссиянын мүчөлөрү, факультеттин жамааты, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн кызматкерлери, программа жетекчиси, докторанттар ж.б. катышты.
126 05:33 24-05-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|