Жанылыктар

STEM инновациялк колледжинин туризм багытына сабак берген окутуучулар Сарыков Рысбек “ Тур оператор” Азим кызы Нургүл “ Тоо гидди” боюнча беш күндүк окуудан өтүштү

Ош Мамлекеттик университетинде «Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсүнүн» долбоорунун жана «Тоо туризми жана тоо гиддердин ишмердүүлүгү» курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Алардын катарында STEM инновациялк колледжинин туризм багытына сабак берген окутуучулар Сарыков Рысбек “ Тур оператор” Азим кызы Нургүл “ Тоо гидди” боюнча беш күндүк окуудан өтүштү. Курстун катышуучуларына, ошондой эле туризм тармагынын уюмдарынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземине туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Дестинация Ош, АРИСтин, ОшМУнун өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 360 сааттык 5 күндүк курсту 140тан ашык студент аяктады, анын ичинде туристтер менен түздөн-түз иштеген гиддер жана инструкторлор бар. Курстардын максаты – курстун катышуучуларын тоо туризминин практикалык көндүмдөрүнө, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерине үйрөтүү.
130 07:58 25-05-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|