Новости

ОшМУнун “илим-өндүрүш” стратегиясын ишке ашыруу: япон фермерлери бизде конокто

2024-жылдын 27-майында Япониядан мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жаатында иш алып барган фермерлер табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине келишти. Максаты: Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен таанышуу жана тажрыйба бөлүшүү. Кыдыруу планына ылайык Араван райондагы жеке менчик чарбалар (мөмө бактары, уй чарбасы), Кара-Суу районундагы мамлекеттик чарбалар (Баш-Булактагы асыл тукум чарба, Большевиктеги үрөнчүлүк чарба) менен таанышуу болду. Ошондой эле факультеттин окутуучулар жана студенттер жамааты менен жолугушуп, ветеринардык клиниканы көрүштү. Бул окуу жана илим ишмердүүлүгүбүздү өндүрүш жана бизнес менен байланыштыруунун бир аракети болуп эсептелет.
126 03:52 29-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|