Жанылыктар

Бизнес жана менеджмен факультетинде илимдин ДОКТОРУ боюнча саппаттык көрсөткүч жогорулады

2024-жылдын 30-апрель күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы экономика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча Д 08.23.666 дисертациялык кеңешинин жыйынында 720033 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 547 дареги боюнча болуп өттү.

Аталган дисертациялык кеңеште ОшМУнун бизнес жана менеджмен факультетинин деканы, э.и.к., доцент Исраилов Тимур Мурзабекович “БУХГАЛТЕРДИК БАШКАРУУ ЭСЕБИ ЖАНА КОНТРОЛЛИНГ СИСТЕМАЛАРЫ – АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮНҮН МААЛЫМАТТЫК КАРАЖАТТАРЫ: ТЕОРИЯСЫ, МЕТОДОЛОГИЯСЫ, УЮШТУРУУ (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГРАРДЫК ТҮЗҮМДӨРҮНҮН НЕГИЗИНДЕ) деген аталыштагы теманын үсүтүндө 08.00.12 – бухгалтердик эсеп, статистика адистиги боюнча ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ ОКУМУШТУУ ДАРАЖАСЫН ийгиликтүү коргоду.

Тимур Мурзабековичдин иштерине ийгилик каалайбыз! Ден-соолукта болуңуз.

143 14:49 29-05-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|