Новости

ИЛИМ МЕНЕН БИЗНЕСТИН БАЙЛАНЫШЫ: ЖЫЛКЫ МЕНЕН ТУРИЗМДИН АЙКАЛЫШЫ

2024-жылдын 30-майында ОшМУнун 85 жылдыгына арналып «Жылкылардын аборигендик породаларын сактоо: көйгөйлөрү, келечеги жана анын туризмди өнүктүрүүдөгү ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Араван райондук администрациясында болуп өттү. Уюштуруучулары: табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети жана “Дулдул-Ат” коомдук фонду. Конференцияга Кыргызстандын окумуштуулары менен катар Казакстан, Корея, Кытай, Россия, Өзбекстандан жоон топ илимпоздор келишти. Ошондой эле КР Жогрку Кеңешинен депутат Нурбаев Ж.П., аким Кулубаев С.Д. баштаган жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ишкана-уюмдардын кызматкерлери катышты. Пленардык жана секциялык жыйындарда жергиликтүү жылкылардын породасын жакшыртуу, алардын гендик фондун изилдөө, жылкы чарбасын өнүктүрүү, Даван (же асман) жылкыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн тарыхый эстеликтерди коргоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын негизинде туризмди жандандыруу, атайын музей, илимий борбор жана туристтик база түзүү боюнча маселелер каралды. Араван райондук бийлик менен бирге факультеттин айыл чарба жана туризм багытындагы окумуштууларына жана студенттерине илимий-практикалык маанидеги жаңы багыттар ачылды (тапшырмалар берилди).
97 05:00 31-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|