2024-жылдын май айында “Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу менен жабыркаган оорулуулардын (ӨӨБО) кандагы кабылдоо маркерлери ” долбоорунун календардык планына ылайык, Ажиматова Р. М. демилгеси менен ОшМУнун ММФнын аспиранттары жана докторанттары үчүн “Статистикалык маалыматтарды талдоонун заманбап ыкмалары жана аларды илимий изилдөөдө жана Scopus базасындагы журналдардын талаптарына ылайык колдонуу” аттуу темада тренинг уюштурулду.
Тренер катары эксперт-консультант, АКШнын Миннесота университетинин Ph.D Урмат Тыналиев чакырылган. Программада заманбап автоматташтырылган программаларды колдонуу менен илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана Scopus маалымат базасындагы журналдарга кол жазмаларды даярдоонун негизги маселелери камтылган..
Тренингдин катышуучулары илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын Stata, Excel аркылуу талдоо, Zotero программасы аркылуу адабияттардын тизмесин даярдоо жана Scopus базасынан илимий журнал тандоо боюнча билимдерин өркүндөтүштү.