Новости

ЭЖЕКЕБИЗДИ ЭСКЕРҮҮ

2024-жылдын 26-27-апрелинде ОшМУнун 85 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КР ИАнын корреспондент-мүчөсү, “Данк” медалынын ээси, биология илимдеринин доктору, профессор Каримова Бурул Каримовнанын 85 жылдыгына арналган "Туруктуу өнүгүүнүн жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэриясынын өкүлү, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн (Улуу Британия, Болгария, Польша (онлайн), Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары, адистери, докторанттары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери катышышты. Конференциянын жыйынтыгы боюнча 50 макала Scopusта индекстелген "E3S Web of Conferences"журналына, 32 макала “ОшМУнун жарчысына” кабыл алынды.
89 04:39 04-06-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|