News

САПАРЫҢ БАЙСАЛДУУ БОЛУСУН, ИЙГИЛИК САГА БҮТҮРҮҮЧҮ 2024

2024-жылдын 4-июнь күнү “Бизнес жана менеджмент” факультетинде САПАРЫҢ БАЙСАЛДУУ БОЛУСУН, ИЙГИЛИК САГА БҮТҮРҮҮЧҮ 2024 аталышында массалык иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө бизнес жана менеджмент факультетинин жалпы жамааты, кураторлор, ата-энелер жана албетте факультеттин баардык адистиктеринин БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ катышышты.

Иш-чаранын башталышында факультеттин деканы, э.и.к., доцент Исраилов Тимур Мурзабекович баштаган структура жетекчилери сөзгө чыгышып, жагымдуу каалоо тилектерди айтуу менен биргеликте АКТИВДҮҮ студенттерди окуудагы жетишкендиктери, маданий-коомдук жана спорттук иш-чараларда ийгилик жараткан студенттерибизге:

1. ОШ ШААРЫНЫН МЕРИ Б.Ж.ЖЕТИГЕНОВДУН;

2. ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ К.Г.КОЖОБЕКОВДУН;

3. БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫ Т.М.ИСРАИЛОВДУН.

АРДАК ГРАМОТАЛАРЫН тапшырып студенттердин мындан кийинки турмуштун татаал жолдорунда жалаң гана ийгиликтер коштоп татыктуу инсан болушуна тилектештиктерин билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшү концерттик программа менен коштолду. Бүтүрүүчүлөрдүн бүгүнкү майрамдык кечеси жогорку деңгээлде уюштурулуп, жагымдуу маанай тартууланды.

АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!!! САПАРЫҢ БАЙСАЛДУУ БОЛСУН БҮТҮРҮҮЧҮ!!! ДЕМЕКЧИБИЗ...

125 09:31 04-06-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|