News

КЕСИПКЕ БАГЫТТОО ИШТЕРИ БОЮНЧА ЖАЛАЛ-АБАДДА

2024-жылдын 5-июнунда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор А.Г.Низамиев, экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы, доцент Самиев К.Т., аталган кафедранын доценти Момошева Г.А. жана окутуучусу Ибраев С.А., медколледждин фармацевтика кафедрасынын башчысы, доцент Коланов О.К. кесипке багыттоо иштери боюнча Сузак районундагы Б.Алыкулов орто мектебинде жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медколледжинде болуп келишти. ОшМУ, ТТАТФ жөнүндө жалпы маалымат берүү менен катар жаңы ачылган “биология жана лабораториялык иш” жана “фармацевтика” багыттарына чакыруу болду. Низамиев А.Г. университеттин китепканасына окуучулары менен биргеликте чыгарган китептерин тапшырды.
133 05:21 06-06-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|