News

Бүтүрүүчүлөр келип, көп иштерибизди бүтүрүп кетишти

2024-жылдын 12-июнунда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетин 2004-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусу болуп өттү. Биология, химия, география жана айыл чарбасы багыттары боюнча жалпысынан 100гө жакын бүтүрүүчү келди. Ынтымактуу жамааттын ырыскысы түгөнбөйт дегендей, бүтүрүүчүлөр факультетке 100000 (жүз миң) сомдук музыкалык аппаратура жана факультеттин түндүк капталындагы кире беришке бүтүрүүчүлөр аллеясын түзүп беришти. Факультет менен байланышын үзбөй, жакшы кызматташкан бүтүрүүчүлөргө ректордун жана декандын ыраазычылык каттары тапшырылды. Бүтүрүчүлөр факультеттин жаңырган окуу корпусу менен таанышып, ОшМУнун жана факультеттин өсүп-өнүгүшү үчүн болгон күчүн жана аракеттерин аябай тургандыгын билдиришти.
92 06:08 19-06-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|