News

Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 119-т тескемеси менен бекитилген Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуунун улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк 2024-жылдын 18-июнунан 20-июнуна чейин финансылык сабаттуулук боюнча тренинг уюштурду. Ага мультипликатор-мугалимдер, мектептен тышкаркы билим берүүнүн областтык борборлорунун базасында түзүлгөн финансылык сабаттуулук боюнча ийримдердин жетекчилери жана Ош областынын финансылык сабаттуулук боюнча тренерлери Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценттин м.а. Момошева Гулиза Абылкасымовна катышты. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар финансылык сабаттуулук боюнча экспресс-курс, «Менин каржым» бир күндүк тренинги жана «Каражат топтоо» бизнес оюну боюнча окуудан өтүштү. Жыл сайын өткөрүлүүчү «Глобалдуу акча жумалыгы» жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» маалымдоо кампанияларынын алкагында Улуттук банктын тренерлери финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды жана лекцияларды, «Каражат топтоо» бизнес оюнун өткөрүшөт, анын максаты өлкөдөгү балдардын, жаштардын жана калктын эресеге жеткенден кийинки катмарынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. Жогоруда аталган тренерлер Улуттук банктын German Sparkassenstiftung менен биргелешкен долбоорунун алкагында даярдыктан өткөн.
66 05:45 25-06-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|