Новости

MER проектинин өкүлдөрү медициналык колледжде

MER проектинин өкүлдөрү Орозалиева Гүлзат Сабырбековна – «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жетекчиси, Мамбетова Алтынай Касымбековна долбоордун координатору жана Профессор Brigita Skela Savič ОшМУнун медициналык колледжине иш-сапары менен келишти. ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Мамажакып уулу Чынгызбек менен жолугуп долбоор боюнча пикир алмашты. Андан соң медициналык колледжинин материалдык техникалык базасы менен таанышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп андан ары клиникалык насаатчылар менен жолугушуу үчүн Ош шаардык клиникалык жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканаларында болушту.
49 17:30 25-06-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|