Жанылыктар

Токой ыктыярчыларын колдойбуз

2024-жылдын 26-июнунда ТДТАТИнун директорунун м.а., профессор Низамиев А.Г., Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун жетекчиси, доцент Аккулов А.У. Кара-Кулжа районундагы “Орчун” коомдук бирикмеси уюштурган “Салаа-Таш” микрокоргунда Токой ыктыярчыларынын эл аралык жайкы лагерине катышып келишти. Бул лагерь Россиянын Президентинин Гранттар фонду менен биргеликте бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен өтүп жатат. Жайкы лагерге Россиядан (уюштуруучулар), Баткен Жалал-Абад, Ош областтарынан жана Ош шаарынан жаш өкүлдөр катышууда. Биздин өкүлдөр катышуучуларга өлкөбүздүн жаратылышы, заманбап жалпы экологиялык көйгөйлөрү, анын ичинде тоо токойлорунун тарыхы, азыркы абалы, келечеги туурасында кызыктуу аңгеме куруп беришти. Суроолорго жооп беришти. Отоо чөп басып кеткен жаңгак көчөттөрүн тазалоого жардам беришти.
46 03:23 27-06-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|