Жанылыктар

ANATOMY // ИЮЛЬ, 2024 // МЫКТЫ СААМАЛЫК: кыргыздын биринчи анатому Аттокур Шеров эскерилди

КЫРГЫЗДЫН БИРИНЧИ АНАТОМУ АТТОКУР ШЕРОВГО АЙКЕЛ ТУРГУЗУЛДУ ✅ 2024-жылдын 27-июль куну, Озгон районунун Кызыл-Сенир айылында кыргыздан чыккан биринчи анатом, врач, азыркы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын (мурдагы КММИ) анатомия кафедрасынын кыргыз улутунан чыккан биринчи кафедра башчысы (1953-1960), согуштун ардагери, анатомия адистиги боюнча биринчи медицина илимдеринин кандидаты (1946), доцент Шеров Аттокур Ишатовичтин айкелин ачуу аземи озу туулган жеринде откорулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунун ыйгарым укуктуу окулунун орун басары Т.К.Арстанкулов, Ош региондук архив башкармалыгынын начальниги Б.Б.Алайчиев, Озгон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары Ш.Ш.Мамадалиев, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Амирбеков, Озгон районунун Мырза-Аке айыл окмотунун башчысы Талантбек уулу Руслан, белгилуу коомдук ишмерлер - Б.А. Нурунбетов, А.Жунусов, Э.М.Толтоев, айылдык кенештин депутаттары, айыл аксакалдары, туугандары катышышты. ✅ Иш-чарага катышкан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ардагерлер жана жалпы катышуучулар тарабынан созго чыккандар А.Шеров тууралуу кенири маалыматтарды айтышып, агайдын кылган иштери уланып жаткандыгына баа беришти. Белгилей кетсек, А.Шеров Кызыл-Сенир айылынан чыккан биринчи илимдин кандидаты. Анын артынан азыркы учурда 15тен ашуун айылдан чыккан илимпоздор эмгектерин коргошкон. Алардын катарында: Нурунбетов Балтагул, тар.и.д.; Мамытов Сатыбалды, филол.и.к.; Касымов Роман, техн.и.к.; Мамытов Табалды, хим.и.к.; Исмаилов Аваз, хим.и.к.; Полотов Ибрагим, хим.и.к.; Сакибаев Кыялбек, мед.и.к.; Сакибаев Кыязбек, мед.и.к.; Сакибаев Канатбек, экон.и.к.; Ташмаматов Омурбек, тар.и.к.; Толтоев Мелис, мед.и.к.; Нурунбетов Сыймыкбек, экон.и.к.; Ураимов Абдымомун, тар.и.к.; Ураимов Кумарбек, мед.и.к.; Кыдыралиева Миргул, филос.и.к. ж.б., ал эми айрымдары коргоонун алдында турушат. ✅ Мындан сырткары А.Шеровдун ысмы Кызыл-Сенир айылынын фельдшердик акушердик пунктуна (ФАП) айылдык кенештин отурумунун чечими менен 2021-жылы койулган. Коомдук ишмер, Манас орденинин ээси, Кызыл-Сенир айылынын тургуну Б.Нурунбетов тарабынан оз созундо А.Шеров жонундо атайын китеп даярдап чыгаруу демилгеси айтылып, жалпы катышуучулар тарабынан колдоого алынды. Кошумчалай кетсек, А.Шеровдун омур баяны, уй-булосу, эмгектери, алган сыйлыктары тууралуу илимий макалалар ОшМУнун доценти К.Сакибаев тарабынан республикалык Жана Эл аралык мезгилдуу илимий басылмаларда жарыяланганы белгиленди ("ОшМУнун жарчысы" илимий журналы, 2010, 2014, "Медицина жана билим жарчысы" илимий журналы, 2023, 2024; Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдарында, Воронеж, РФ, 2022, Минск, Беларуссия, 2023)
40 05:29 23-09-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|