Haber

АГИнин дин таануу кафедрасынын башчысы конференцияга катышып келди

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу кафедрасынын башчысы Айдарбеков Кубаныч Бишкек шаарындагы №88 мектеп-гимназиясында өткөрүлгөн «Экстремисттик жана террористтик диний агымдардын Кыргызстанга тийгизген таасирлери» деген аталыштагы конференцияга катышып келди. Конференцияда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн өкүлү, мечит имамдары жана мектеп мугалимдери сөз сүйлөдү. Айдарбеков К. баяндамаcында терроризмдин коркунучуна токтолуп, диндердин айрыкча, Ислам дининин терроризмге, зордук-зомбулукка каршы экендигине басым жасады.
3441 09:56 26-11-2015

                 

Haber

|< 5 6 7 8 9 >|