ОшМПУда 4-ДЕКАБРЬ - “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНИП,А.МУРЗАКМЕТОВ КОНОК ЛЕКЦИЯ ОКУДУ.
05:31
10-02-2025
24
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде “Манас” эпосунун күнүнө карата конок – лекция өткөрүлдү.
Ага кыргыз тили жана жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана англис тили, социалдык иш, биология, кыргыз тили жана жана адабияты адистигинин студенттери катышты. Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө “Манас” эпосунун күнүнө арналган видео тасма коюлуп, таланттуу студенттер тарабынан эпостон үзүндүлөр айтылды.
Аны улай Ош мамлекеттик университетинин доценти, т.и.к., этнограф Абдумиталип Мурзакметов студентерге конок-лекция өттү. Мында лектор “Манас” эпосун башка адистиктин студенттери эмне үчүн окууга милдетүү деген ойлордун негизинде суроо-жооп уюштуруп, эпостогу эр жигиттин, эл башчынын жана аялзатынын образы боюнча кенен маалымат берди. Ошондой эле “Манас” эпосун окутуу аркылуу манас таануу предметинде улуттук адамзаттык баалуулуктар, анын ичинен кыргызга тиешелүү баалуулуктар боюнча да кеп козгоду.
Лекциянын алкагында “Манас” эпосу боюнча көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө этнограф Абдимиталип Мурзакметовдун жеке китепканасынан алынып келинген. Анда “Манас” эпосуна байланышкан китептер, тексттер, монографиялар, андан сырткары сувенирлер, чөнтөк календарлар, төш белгилер коюлду