Haber

«Кыргыз Республикасында инфекциялык жана паразитардык ооруларды эпидемиялык көзөмөлдөө» аттуу темада семинар болуп өттү.

Ош шаарында 2025-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо, Суу ресурстар, Айыл чарба жана өндүрүштү кайра иштетүү жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрликтеринин уюштуруусу менен Ош облусунун медициналык кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасында инфекциялык жана паразитардык ооруларды эпидемиялык көзөмөлдөө» аттуу темада семинар болуп өттү. Бул семинарга Ош облусунун санитардык- эпидемиялык жана медициналык мекемелеринин кызматкерлери, Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары катышышты. Алардын катарында Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын окутуучулары Ы.А.Перханова, А.Ж. Төлөнбаевалар катышып, инфекциялык оорулардын пайда болуу негизинде жаралган өзгөчө кырдаал учурда чукул иш-чараны уюштуруу боюнча керектүү маалыматтар менен таанышышты
34 09:33 13-02-2025

                 

Haber

|< 1 >|