Новости

АГИде интеллектуалдык жарыштын финалдык туру өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Арашан гуманитардык институтунун Дин таануу факультетинде студенттер ортосунда "Билимдүү жаштар" аттуу интеллектуалдык жарыштын финалдык туру өткөрүлдү. Жарышка жалпысынан жети команда катышып, 3-тур финал менен жыйынтыкталды. Финалда муруңку турларда жеңүүчү деп табылган «Алга» жана «Ыклас» командалары жарышты. Кызыктуу өткөн жарышта көп суроого туура жооп берген «Алга» командасы жеңүүчү деп аныкталды. Жеңүүчү команда мүчөлөрүнө жана катышуучуларга сыйлыктар семестр аягындагы жалпы жыйында берилет.
3451 09:01 18-12-2015

                 

Новости

|< 5 6 7 8 9 >|